Жалал-Абад шаарында айдоочулар унааларын каалагандай токтотушуп, тийиштүү чара көрүлбөй жатат.
Муну окурман 15-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. "Жол көзөмөлдөөчүлөр чара көрүшпөйбү? Уят эле, ушинтип да токтотобу? Башкаларды да сыйлашы керек го. Негизи, бизде эле ушинтип токтотушса керек, айдоочуларга да баары бир болуп калды",- дейт окурман.
Сүрөт Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Кыргыз Республикасы көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.