Президент Алмазбек Атамбаев 15-февралда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алып, тармактагы реформалар, мектеп жана жогорку окуу жайларда билим берүүгө жаңыча мамиле кылуу, окуу жайларды каржылоонун ачыктыгын жана акчанын пайдаланылышынын эффективдүүлүгүн камсыздоо тууралуу министрдин маалыматын укту.
Сариева билим берүү мекемелерин көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү киргизүү чаралары жөнүндө да айтып бергенин кабарлашты президенттик аппараттан.
Тараптар өлкөдө мектептерди куруу, мугалимдер менен окутуучуларды үй менен камсыздоо маселесин да талкуулашты.