Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды

Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ж.А. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Ал 2013-жылы май айында Махабат аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен "Түштүк Кореяга кетүүгө тиешелүү документтерди жасап берем" деп 12 800 долларын алып изин жашырып кеткенин айткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин алкагында Свердлов райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары шаардын П.М. аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
begimai1989
2016-02-15 14:52:54
12800$$$ не бересин?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан