10-февралда спорттук мелдеште утулган кыздар ызаланып, уткандардан бир кызды сабап салышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.
"Кемин районунун кыздары Панфилов районуна спорттук мелдешке барышкан. Кемин районунун командасы утуп, кыздар арасында уруш чыккан. Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын 10-15 кызы тарабынан ур-токмокко алынган кыз жаракаттардан баш мээси чайкалып, денеси көгөрүп, Улуттук госпиталга жаткырылган. Окуя Биринчи Май РИИБинде катталып, Панфилов РИИБине жөнөтүлдү",- дейт Олжобай Казабаев.