Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында баңгизат менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда аталган мекемеден билдиришти.
“Лидер” “Иностранец” аталыштагы рейддердин жүрүшүндө Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан унааларды техникалык жактан тейлөө имараты тинтүүгө алынган. Анда аталган имаратты ижарага алып иштетип, ошол жерде жашап жаткан Х.И. жана З.С. текшерүүгө алынган. Тинтүү учурунда целлофан пакетке салынган саргыч-күрөң түстөгү, кара куурайдын жыты бар зат, гезитке оролгон саргыч-күрөң түстөгү, кара куурайдын жыты бар зат, күңүрт-жашыл түстөгү, кара куурайдын жыты бар заттар табылган. Табылган заттардын жалпы салмагы 565 граммды түзгөн. Учурда бул факт боюнча Ленин райондук милициясында тергөө иштери башталды.