35 жаштагы жаран 12 килограмм баңгизатты Орусияга алып чыгып кетип жаткан жеринен колго түштү (фото)

Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрү аркылуу Орусияга 12 килограмм баңгизатты алып бараткан адам кармалды. Муну 15-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-февраль күнү болжол менен саат 16:30да Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу, Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен 35 жаштагы түштүк аймактын тургуну А.Жга тийиштүү Форд-Галакси үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичин текшерүүдө уксус жыты бар тоголоктошкон 13 түйүн зат табылган. Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын эксперттик-криминалисттик бөлүмү тарабынын табылган зат 12 килограмм героин экени аныкталган.

Кармалган адам баңгизатты кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө пункту аркылуу Орусияга алып барууну көздөп жатканын айткан. Эксперттер табылган затты 15 миллион сомго сатууга мүмкүн деп айтышууда. Бул факт боюнча "мыйзамсыз түрдө баңгизатты даярдоо, сактоо, таркатуу жана аны сатууга даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mambo-1984
2016-02-15 14:04:36
Буну озунун таныштары сатып койгон болуш керек
+1
tursunbaev2016
2016-02-15 14:19:33
Турмодо чирийт эми барыга деп ал жакта дагы жон койбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан