Ысык-Көлдөн эшек уурдап союп, терисин Бишкекке алып келип саткан жигиттер колго түшүштү

Ысык-Көл облусунда ыкчам издөө ишинин жүрүшүндө 3 адам эшек уурдоого шектелип кармалды. Алар эшектерди союп, терисин Бишкекке алып келип сатышкан. Муну 15-февралда Ысык-Көл ИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районуна караштуу Корумду жана Жаркынбаев айылдарынын тургундары териси жок эшектин этин тапкандыктарын билдиришкен. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, натыйжада 29 жаштагы Нарын облусунун тургуну С.Шабдан жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынын тургундары 29 жаштагы Д.Анвар, 31 жаштагы Элдияр К. уулу кармалышкан. Алар түн ичинде эшектерди уурдап, ээн талаага айдап барып, ал жактан терилерин сыйрып алышкан. Кылмышка шектүүлөр 4 баш эшекти уурдагандарын жана алардын терилерин Бишкекте 4-5 миң сомдон сатышканын айтышкан. Азыркы тапта факт боюнча иликтөөлөр жүрүп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына жеткирилишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurik2103
2016-02-15 15:25:31
дагы деле мурункудай эле сойуп сатып жатышкан окшойт
+5
Flander
2016-02-15 15:53:43
Эшек эле баккылачы андан көрө бир короо кылып,ар кимдин эшегин сойбой.
+6
tabyshmak
2016-02-15 16:32:12
Ошол Бишкектеги эшектин тээрисин алган кимдер болду экен? Эмне максат менен эшек тээрисин алышат болду экен? Ал тээрилерди эмнеге керектешет болду экен?.. Кыскасы суроолор коп, бирок, жооптор жок. Саткандарды эле кармап тим болбой, сатып алгандарга изилдоо жургузуу керек.
+10
bom.bon
2016-02-15 17:16:26
tabyshmak,ээ эмнесин айтасыз?Бул жагы сиздин нигинизда:)
+1
SHAHDAR
2016-02-15 17:16:34
tabyshmak,
Кытайга алып кетишет экен, бул эч кандай деле сыр эмес. Абдан жакшы бизнес экен. Тигил Юруслан Тойчубековду калп эле куноолошуп жаман кылышты эле.
0
Alikhan
2016-02-15 19:52:00
tabyshmak,кытайда 1 ешектин териси 500$ турат дешет кытайга кетсе керек териси
+1
Kuba-savai87
2016-02-15 17:32:25
Эмнеге иште тишет болду экен
0
boston___
2016-02-15 21:17:02
Эшектен башка жумуш куруп калган окшойт тообааа
0
Aitpaaim
2016-02-15 23:19:07
Былтыркы эшшек чуусу эмне менен аяктады билгендер шилтеме жонотуп койгулачы кандай жаза алышты?
Биздин сот эки эшек менен тушконду катуу жазаласа керек эми.
сарайы менен баккан кытайларды корушпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан