Нарын. "2 жаштагы жээнин өлтүрдү" деп камакка алынган аялдын 4 баласын кайнатасы менен кайненеси карап жатат

Нарын облусунда "2 жаштагы жээнин сабап өлтүрдү" деп айыпталып жаткан аял 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

"Соттун чечими менен баланы өлтүрүүгө шектелип кармалган аял 2 айга СИЗОго камакка алынды. Анын 4 баласын учурда кайненеси менен кайнатасы карап жатат. Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүнүн күйөөсү каза болуп калган. Баласынан айрылган эненин улуу баласы 16 жашта экен, ал эми каза болгон баласын көп жылдан бери төрөй албай жүрүп төрөгөнү маалым болду. Учурда иликтөө иштери улантылууда",- деди Осмонбаев.

Айта кетсек, окуя 11-февраль күнү Нарын облусуна караштуу Учкун айылында болгон. Анда 33 жаштагы келин 2 жаштагы жээнин катуу ур-токмокко алып өлтүрүп алган. 2 жаштагы баланын апасы аны өз жеңесине 5-январь күнү калтырып, өзү акча табуу үчүн жумуш издеп борбор калаага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bars111
2016-02-15 20:23:55
СМАРТФОН КЕТСИН!!!
(тамсил)

Сайылып турган жеринен,
Смартфон байкуш жоголду.
Чуу түшүп үйдүн баарына,
Издешти карап оң-солду.
Жаңырат сайрап үч тилде,
Коңгуроо кылса өчүк деп,
Каргады ээси калчылдап,
Ким алса ошол "көчүк" деп!
Төр жайнап конок келбесе,
Ким алды дешти батынып?
Кожоюн башын мыкчыды,
Кетти деп эчак сатылып...

Угулуп ар бир кадамдар,
Үстүндө жүрдү адамдар.
Өч алуу болуп жатканын,
Болбоду эч ким кабардар.
Жер төлөө болуп ажалы,
Смартфон турду калтырап.
Куралын кезеп буюмдар,
Кекетип турду камчылап.
Сөз алып кары ЖЫЛСАНАК,
Арманын айтып баштады.
Көрсөтүп ар бир барагын,
Ортого муңун таштады:
- Чаң толду барак каралбай,
Сен үчүн жүрөм саналбай.
Айрылбай калып ай, күндөр,
Оор болуп калдым басалбай.
Жаңырган сайын Жаңы жыл,
Койкойтуп такчу дубалга.
Сен келип жаман кор болдум,
Сыздатып калдың убалга.
Бир муштап жыгып салчудай,
Муштумун түйдү ҮНАЛГЫ.
Чаң баскан добуш киркиреп,
Муңканып карап үн салды:
- Угузуп кабар, ырларды,
Көрчү элем үйдө жыргалды.
Жаңыртып обон созчу элем,
Ырларым ашып кырларды.
Койнуна кысып кожоюн,
Кучактап дайым жатчу эле.
Кумарга батып ырлардан,
Кыялга дайым батчу эле.
Сен келип бузуп жашоомду,
Кампага салды ыргытып.
Соо койбойм сени бечара,
Өпкөңдү үзөм тынчытып...
Чокмордой кылып төштөрүн,
Акшыйтып ачып көздөрүн.
ФОТОАППАРАТ чартылдайт,
Кекетип сүйлөп сөздөрүн:
- Менде деп көздүн мыктысы,
Бирге алып дайым жүрчү эле.
Жайнатып тартсам сүрөтүн,
Жылмайып дайым күлчү эле.
Чет жердин баарын кыдырып,
Кожоюн менен жүрчү элем.
Сен буздуң баарын шоркелдей,
Сый толгон өмүр сүрчү элем...
Баш кесип көнгөн адамдай,
Балтачан келди аппак КАТ.
Көзүнүн жашын көлдөтүп,
Ажылдап чыкты сөз баштап:
- Жеткирип далай сырларды,
Жарчысы болгом сүйүүнүн.
Бүт жерде мени күтчү эле,
Тынч койбой почта түйүнүн.
Сагынып түрдү "марканы",
Санаага батып жүрөмүн.
Биздин шеф сени чукулап,
SMS жазса күйөмүн.
Сен кетпесең тынчтык жок,
Өлбөйүн кармап жүрөгүм...
Жумушсуз калган буюмдар,
Чырылдап турду токтобой.
Сүйрөлүп келген ТЕЛЕФОН,
Жайлаймын деди октобой.
Боорунда сандар жайнаган,
Чынжырды тиштеп чайнаган.
КАЛЬКУЛЯТОР бакырды,
Арманын айтып кайрадан.
Ботодой боздоп СААТ турду,
Ойготпой калдым таңда,- деп.
КИТЕПТЕР дагы чуулдашты,
Жатабыз дайым чаңда,- деп.
Көп кино тарткан КАМЕРА,
Чукуймун деди көзүңдү.
Он-лайныңды жогот деп,
СЫНАЛГЫ бетин өчүрдү...
Баарын билген Смартфонду,
Буюмдар турду КЕТСИН деп!!!
Ар бири ойлоп керт башын,
Каргашты убал жетсин деп.
Чегинен ашып жек көрүү,
Талкалап салды баарылап.
Кожоюн тапса жан салар,
Жашоосун берип даарылап...

Көз салып көптү билбеген,
Кан соруп элди бийлеген,
Көрө албай алга кеткенди,
Көөдөнү дайым кирдеген,
БУЮМДАР сындуу адам бар,
Жакшыны көрсө жиндеген.
Көп ишти жалгыз жасаган,
Адамдар бар СМАРТФОНДОЙ.
Көралбас дайым жабышып,
Кууратып келет соо койбой.
Кыйкыра берсек КЕТСИН,-деп,
Курттар да качат жойлобой.
Мыктыны барктап жашайлы,
Керт баштын камын ойлобой!!!
#albansayak

Асейин САРАЛАЕВ
+2
Aselya2891
2016-02-15 21:29:33
Сонун жазылыптыр!!! Кочкордон болбойсузбу? Фамилияныз,атыныз тааныш болуп атат?
0
kochkor.siti
2016-02-16 01:07:38
Aselya2891,сиз кочкордон болосуз бу?
0
admin_portal
2016-02-16 10:08:54
kochkor.siti, Aselya2891, Bars111 - эскертүү!
Темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Чыгармалары үчүн форумда атайын бөлүм бар: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=66
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан