№50-СИЗОнун мурунку жетекчиси Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Экспертизада анын тумчугуудан улам каза болгону аныкталганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 15-февралда SUPER.KG'ге тастыктады. "Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, иш Октябрь райондук сотуна жиберилген. Ал тумчугуудан улам өлгөнү аныкталды",- деди маалымат кызматынын өкүлү.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 12-октябрга караган түнү №50-СИЗОдон кылмышкерлер качып чыгып, Бишкек дүрбөлөңгө түшкөн. Түрмөдөн качкандар жок кылынып, бирөөсү колго түшкөндөн кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев 14-ноябрда камакка алынган. И.Телтаев 20-ноябрь күнү №1-СИЗОнун медициналык-санитардык бөлүгүндө өз шейшеби менен асынып алганы айтылган.