Футбол боюнча улуттук кураманын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков менен Олимпиадалык кураманын коргоочусу Акрамжон Умаров Беларустун "Крумкачы" клубу менен 1 жылдык келишим түзүштү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, оюнчулар менен келишим 1 жылга түзүлдү. Келишим дагы бир жылга узартылышы мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, оюнчулар "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши аяктаган соң Беларуска жөнөп кетишкен. Алар Беларустун Жогорку Лигасында ойной турган "Крумкачы" менен жаңы сезонго даярдык көрүштү. Алар "Динамо-Минск" жана "Слуцк" командаларына каршы беттешке да чыгышкан.