Ош шаарындагы Ысабек Монуев көчөсүндө түнкү саат 12 чамасында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта келип 3 унааны сүздү. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
"Оштогу Ысабек Монуев көчөсүндөгү арканын алдында түнкү саат 12лерде Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаа жогорку ылдамдыкта келип Матиз, Хонда Одиссей, Хонда Торнео үлгүлөрүндөгү унааларды сүздү. Хонда Фиттин айдоочусу денесинен жаракат алып, ооруканага жөнөтүлдү. Ал алгач Хонда Торнеону, андан соң Матизди сүзүп, Хонда Одиссейге барып тийди",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.