Кыргыз жеринде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз жеринде бүгүн, 16-февралда саат 05:58 чамасында очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арасында болгон (Жалал-Абад облусу, Аксы району). Жер титирөөнүн күчү Жалал-Абад шаарында, Чеке-Дөбө, Таш-Булак айылдарында 4 баллга, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон, Өзгөндө 3 баллга, Кочкор-Ата, Отуз-Адыр айылдарында 2,5 баллга жетти.

Жер титирөөдөн улам кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Elzida87
2016-02-16 11:52:19
Бодо кырсыктан-сактасын Аллахым
+2
E.TARZAN
2016-02-16 12:13:25
Аллах озу сактасын!!!
+1
Kuba-savai87
2016-02-16 12:27:55
Кудай сактасын акыркы кундору тез тез жер титироочу болду
0
Inna_91
2016-02-17 08:00:44
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан