Бишкек шаарында тоноо фактысына шектүү адам кармалды

Бишкекте тоноо фактысына шектелген адам кармалды. Муну 16-февраль күнү ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 14-февраль күнү Калык Акиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Кылмышка шектүү катары 26 жаштагы борбор калаанын А.Д. аттуу тургуну кармалган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан