Ысык-Көлдө мыйзамсыз жапайы өрдөк аткан жарандар кармалды

20-мартта Ысык-Көл облусунун Кутургу айылында жапайы өрдөктөрдү мыйзамсыз атып жаткан Бишкектин тургундары кармалды. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин алдындагы Аӊчылык департаменти билдирди. Мыйзамга ылайык, 2 же 3 гана жапайы өрдөктү атууга уруксат берилет жана аӊчылык көлдүн айланасынан 2 чакырым алыс аралыкта жүргүзүлүшү керек. Мындай эрежени сактабай, 35 өрдөк аткан аӊчылар ар бир өлтүрүлгөн өрдөк үчүн 1190 сомдон айып төлөштү. Ошондой эле 39 миӊ сомду айып пул катары төлөп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан