Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жарандар кармалышты

Борбор калаада алдамчылыкка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 55 жаштагы К.Сабит кайрылган. Анда ал Агат аттуу жигит анын ишенимине кирүү менен 46 миң сомго бааланган идиш-аяк жуучу каражатын алып, акчасын бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы
Ж.Агат кармалган.
Ушундай эле арыз менен милицияга 55 жаштагы А.Кеңешбек кайрылган. Анда ал Вадим аттуу киши курулуп жаткан үйдөн батир берем деп 19 миң доллар акчасын алып, убадасын аткарбаганын айткан. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Д.Вадим кармалган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан