Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-февралда бир катар шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү чыгымын бекитти. Маалыматка таянсак, 27-мартта өтүүчү шайлоонун сметалык чыгымы 1 миллион 650 300 сомду түздү.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 27-мартында Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешинин, Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин жана Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт.