Бишкек шаардык милициясы тарабынан бир катар уурулук фактылары ачылды. Бул тууралуу 16-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын 61 жаштагы тургуну Т.Сүйөркул арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал Москва жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөнүнө белгисиз адамдар кирип, ичиндеги 15 миң сомдук товарын уурдап кетишкенин билдирген. Ыкчам издөө иштеринен улам бул кылмышка шектүү деп Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну О.Нурболот жана Чүй облусунун тургуну Ж.Атагелди кармалышкан. Алар буга окшогон бир катар кылмыштарга шектелүүдө.
36 жаштагы Н.Жалын аттуу борбор калаабыздын тургуну 7000 сомго бааланган “Самсунг-Галакси” уюлдук аппаратын уурдап кетишкенин билдирген. Шектүү катары Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну Ж.Азат кармалган.
47 жаштагы М. Гүлсара аттуу аял да милицияга кайрылган. Ал болжол менен саат 02:00дө белгисиз адамдар Панфилов көчөсүндө жайгашкан дүкөнүнүн темир торун сындыруу жолу менен кирип, 5 миң сомго зыян келтиришкенин билдирген. Бул фактыга шектүү деп 18 жаштагы О.Нурболот, 21 жаштагы
У.Эрнис, 21 жаштагы Ж.Атагелди кармалган.
Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүүдө.