Кыргыз армиясы аскердик кубаттуулугу жагынан 126 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээледи

Кыргыз армиясы аскердик кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 126 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээледи. Изилдөөнү "Global Firepower" Эл аралык уюму жүргүзгөнү маалымдалды.

Уюмдун маалыматында Кыргыз Республикасынын калкы 6 миллион, мунун 2 миллион 615 миңи жумушка жөндөмдүү экени айтылат. Аскердик кызматка жарамдуу жарандары 3 миллион 377 миңди түзөрү белгиленди. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 150 танк, 438 ок брондолгон унаа жана атайын техникалар, 30 өзү башкарылуучу артиллериялык шайман, 159 артиллериялык курал, 21 көп тармактуу ракеталык систем бар экени айтылат маалыматта.

Мындан тышкары 4 даана транспорттук МИ-8 тик учагы, 2 даана сокку уруучу МИ-24 тик учагы бар.

Кыргыз мамлекетинде аскер кызматкерлеринин учурдагы саны 16 500 экенин, 10 миңи резервде турарын, өлкөнүн аскердик бюджети 240 миллион долларды түзөрүн билдирет уюм. Өлкөдө иштеп жаткан аэродромдордун саны 28.

Аскердик күчү жагынан Тажикстан 81-орунду, Өзбекстан 54-орунду, Казакстан 66-орунду, Түркмөнстан 90-орунду ээлейт. Эң алдыда: АКШ - 1-орун, Орусия - 2-орун, Кытай - 3-орун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан