14-февраль күнү Бишкектеги Өчпөс оттун жанында кече уюштурган романтиктер дале табыла элек. Муну бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 14-февралда Валентин күнүнө карата Өчпөс оттун жанында романтикалуу кече уюштургандардын сүрөттөрү социалдык тармактарда жарыяланган. Азыркы тапта тартип бузуучулардын өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатат.