Москвада токко уланып турган телефону сууга түшүп кетип, 14 жашар кыз ток уруп каза болду. Бул тууралуу 16-февралда орусиялык "Известия" басылмасы жарыялады.
Маалыматка таянсак, кыздын денеси сууда жаткан, жанынан кубаттандыруу үчүн розеткага сайылган уюлдук телефону табылган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, кыздын денесинде токмоктолуунун белгилери жок. Факт боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.
Телефон сууга түшкөндө ток уруп каза болуу фактылары буга чейин да кездешкен. 2015-жылы Москвада 24 жаштагы Евгения Свиридова, Тюмень облусунда 17 жаштагы бала ушундай жагдайда каза табышкан.