ЭЛДИК КАБАР: Баткен шаарындагы көчөдө жемиш саткандар ордунан жылбай, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүүдө

Баткен шаарындагы Сайдыман ажы көчөсүндө жемиш саткандар ордунан жылбай, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG'ге билдирди.

"Баткен шаарынын Сайдыман ажы көчөсүндө жолдун эки жагында мөмө-жемиш саткандарды көчүрүп, жолду бошотуу максатында милиция кызматкерлеринин коштоосунда иш-чара жүрүп жатат. Аталган көчөдөн чоң жол өткөндүгүнө карабастан, бул көчөгө унаа менен кирүү өтө кыйын болуп калган. Жолдун жээгиндеги сатуучулар жолду ээлеп алышкан. Учурда алар каршылык көрсөтүшүп, "эч жакка жылбайбыз" деп, жемиштерди жайып соодасын улантышууда. Жол боюндагы мөмө-жемиштер бир гана жолду тоспостон, кардарлардын ден соолугуна да олуттуу зыян келтирүүдө, себеби жолдон ары-бери өткөн унаалардан чыккан газ менен чаң мөмөлөргө жана жашылчаларга сиңип жатат",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Баткен шаарында милиция менен сатуучулар арасында түшүнбөстүк болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2016-02-16 14:53:43
Коп болсо бир жума карайт анан милициялар тажайт кайра соодасын улантат, аларга жакшы жер берип ушул жерде сооданы кылгыла деп шарт тузуп бериш керек анан налог алыш керек. Бул убакытка чейин алынган налогдор жолдун жээгинде отурган соодегерлерден алынган деп тогулуп жургонбу же сол жонтоко жон эле салынып жургонбу?
0
konsilium
2016-02-16 14:57:19
Ушинтип эле "озум билем"болуп алдык го....
+4
jan0097
2016-02-16 15:13:07
анан не кылышсын. же силер сата турган жай ачып бергиле чоон кылып .машина койо турган жери бар кылып .ошондо елдер жолго чыкбай калат...
+3
Bars111
2016-02-16 17:23:48
ДЕМОКРАТИЯ

Башталгыч класста окуган кичинекей бала сабактан чуркап келип, мамыкта гезит окуп отурган атасына барып:
- Атаке! Бизге эжей "Мамлекеттик башкаруу" жөнүндө ачык сабак өтөбүз деди. Мага болсо "Демократия- эмне экенин билип кел" деп тапшырма берди,- дейт кубанычтуу. Жумушунан чарчап келген атасы баласына кош көңүл карап:
- Уулум! Албетте ал тууралуу айтып берем. Бирок азыр шайым кетип турат. Ошентсе дагы сага демократиянын очогу болгон башкаруу жөнүндө...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан