Сокулук районунда мал уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 58 жаштагы Кызыл-Туу айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар мал сарайга кирип кой менен козусун уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы О.И. жана 21 жаштагы Б.А. аттуу жергиликтүү тургундар кармалышкан. Ошондой эле кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.