7-февраль күнү болжол менен саат 4:00дө Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайга уурулар киришкен. Алар ал жактын кызматкеринин бутуна сайып, 36 миң АКШ долларын жана 485 миң рубль акчаны алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Боромбай, Асылбек жана Жаныбек аттуу балдар кармалды. Муну бүгүн, 16-февралда Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, акча алмаштыруучу жайга белгисиз 3 адам кирип, ал жакта иштеген Асылбекти бутуна сайып, 36 миң доллар жана 485 миң рубль акчаны уурдап кетишкен. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында бутунан жаракат алган Асылбек өзү достору менен бул ишти кылгандыгы белгилүү болду. Алар "инсценировка" кылуу жолу менен таякесинин акча алмаштыруучу жайынан акчаларды уурдап кетишкен. Ошондой эле акчадан сырткары уурулар байкоочу камеранын дискин да алып кетишкен. Кылмыш ишин териштирүүнүн жүрүшүндө жээни баарын айтып берип, акчаларды таякесине кайтарган. Азыркы учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда.