Бүгүн, 16-февралда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында "Балдар театры" фестивалы өттү. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Быйылкы Тарых жана маданият жылына карата Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында "Балдар театры" фестивалы өттү. Сынакка шаардын 7 орто мектеби катышты. Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри Зирекан Аттокурова жыйынтыгын айтып, сыйлыктарды тапшырды",- дейт окурман.
Окурмандын айтымында, 1-орунду Таалай Аркабаев атындагы орто мектеби, 2-орунду Чыңгыз Айтматов, 3-орунду Юрий Гагарин атындагы №4-гимназия-мектеби алды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.