Кыргыз улуттук университетинин проректору жана башкы эсепчиси "100 миң сом пара сунуштаган" деп шектелүүдө

Бишкекте университеттин проректору жана башкы эсепчиси "100 миң сом пара сунуштаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин 5-Башкармалыгынын кызматкерлери жана Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору жана башкы эсепчиси окуу жайдагы финансылык тартип бузууларды жашыруу үчүн "100 миң сом пара сунуштаган" деген шек менен кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан