* Мындан 83 жыл мурун, 1933-жылы кыргыз улуттук адабиятынын башында тургандардын бири, демократ акын Токтогул Сатылганов 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.
Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул Токтогул Сатылганов 1864-жылы Ош облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. 13 жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгач "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" сыяктуу көптөгөн ырларды аткарган. Кийинчерээк акын "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. Бай-манаптарды, эшен-калпаларды сындаган көп ырлары бар.
1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган. Анда жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың?", "Качып келе жатканда" жана башка ырларды чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим аманбы?", "Апакем, аман барсыңбы?" жана башка ырларды жараткан. Октябрь революциясынан кийин жаңы түзүлүштү даңазалаган.
Токтогул - айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан.
* Мындан 53 жыл мурун, 1963-жылы атактуу америкалык баскетболчу Майкл Жордан Бруклинде туулган.
УБАда (Улуттук баскетбол ассоциация) чабуулчу-коргоочу позициясында ойногон. 1980-1990-жылдары Жордан УБА баскетболунун жайылышына чоң салымын кошкон. 1982-1984-жылдары Түндүк Каролина университетинин командасында ойноп, Улуттук студенттер спортунун ассоциациясынын чемпиону болгон. 1984-жылы "Чикаго Буллз" командасына кошулган.
Укмуштуудай секириктери үчүн аны "Air Jordan" деп аташкан. 1991-жылы "Буллз" командасы менен УБАда өзүнүн алгачкы чемпиондугун утуп, 1992-1993-жылдары ийгилигин кайталаган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы аба ырайына байланыштуу Сочиде Кышкы Олимпиада оюндарынын катар тартиби өзгөргөн. Сочини 17-февралда туман каптап, мырзалардын лыжа менен 15 чакырымга жарышуусу, биатлон жана мырзалардын сноуборд жарышы токтотулган.
17-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.