Бишкекте тоноочулук фактысы менен таксист кармалды. Муну 16-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 29 жаштагы У.Айжан аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Жорго” таксисинин айдоочусу күч колдонуу менен “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган. Бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 26 жаштагы А.Данияр аттуу тургуну кармалган. Факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.