Аргентина. Майдандан четтетилген футболчу беттеш калысына ок чыгарып, калыс оюн талаасында жан берди

Калыс Сесар Санчес эреже бузган оюнчуга кызыл айып кагазын көрсөтүп, майдандан четтеткен соң оюнчу тарабынан атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, окуя Аргентинанын Кордова шаарында болгон. Жергиликтүү полиция оюнчу майдандан четтетилгенине ызаланып, майданга курал менен кайтып келгенин айтат. Ал 48 жаштагы калыс тарапка 3 жолу ок чыгарган. Ок калыстын башына, төшүнө жана моюнуна таамай тийген. Алган жаракатынан улам ал ошол жерден жан берген. Футболчу окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда ал изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sobr777
2016-02-16 17:54:42
Ушундай да болобу? Тооба.. Калыстар коркуп калды эми...
+6
Mahabbat
2016-02-16 18:27:48
Тообо озунчо эле кино болуп кетиптирго. Алдын мындай окуяларды кинолордо корчу элек.
+1
A3A
2016-02-16 18:38:25
Кудай сакта, Кызыл карточка учунбу???
+3
Nurbolot_KG
2016-02-16 18:50:27
кантип эле качып кетсин ошончо чон стадиондон тан калыштуу
+1
take.kg86
2016-02-16 19:14:06
Бир жагы туура кылыптыр кээбир калыстар болбогон айыбы үчүн кызыл карточканы көрсөтөт көрүп олтурсаң кыжырданасың
0
stal.ks
2016-02-16 19:26:57
ошондо аткан адам полиция кызматкериби?
-1
potriot.kg
2016-02-16 19:41:00
stal.ks, жок ал ХХХ ХХХ ХХХ...
+5
admin_portal
2016-02-17 11:28:11
potriot.kg - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
nurkasym-2014
2016-02-17 08:23:52
Мээрбек жаман лакап болду го.Депутат имиш.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан