8 жыл мурун эл аралык издөөгө алынган кыргыз жараны Москвадан кармалды

8 жыл мурун эл аралык издөөгө алынган кыргыз жараны Орусиянын Москва шаарындагы Домодедово аэропортунан кармалды. Бул тууралуу 17-февралда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2008-жылдын 30-сентябрында Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 1984-жылы туулган Эшниязов А.М. аттуу жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин
167-беренесинин негизинде кылмыш иши ачылып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Эшниязов 11-февралда Домодедово аэропортунан Бишкек ШИИББинин кызматкерлери жана Москва шаарынын тиешелүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди. Кармалган адам камакка алынып, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Inna_91
2016-02-17 12:04:44
Кана сурооттору
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан