Зер буюмдарды уурдагандар кармалышты

Бишкек жана Чүйдө зер буюмдарды уурдагандар кармалышты. 17-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ Бишкек шаарынын 69 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 13-февралда болжол менен саат 17:00дө үйүнүн ичинен 90 миң сомго бааланган зер буюмдарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Издөө ишинин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 24 жаштагы М.Р. аттуу тургуну кармалды.

Ошондой эле Аламүдүн районунун 51 жаштагы тургуну да кайрылып, ал февраль айынын башында үйүнөн 70 миң сомго бааланган зер буюмдары уурдалганын айткан. Буга шектүү катары 28 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалган.

Аталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Inna_91
2016-02-17 12:03:13
Уурулардын колун кесип ташташ керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан