Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Борбор калаадагы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында өрт чыкты. Анда аянты 50 чарчы метрди түзгөн сахнага кийип чыгуучу кийимдер бөлмөсүндөгү кийимдер жана бут кийимдер, үтүк күйүп кеткен. Театрдын ичинен 19 адам куткарылып, сыртка чыгарылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.