Москвада кордолгон Сапаргүл башынан өткөн баянын айтып, “Супер-Инфо” гезити аркылуу коомчулукка “менин абийиримди актап бергилечи” деп кайрылган. Гезит чыгары менен туш тараптан чалып, анын абалын сураган окурмандар арбын болууда. Айрыкча энелер “бир кызды коргой албай калдыкпы?” дешип арман кылышууда. Аярлуу аялзатын кордогондор кармалбай жүргөнү, жабыркаган келинге эч ким кулак түрүп укпаганы, албетте, жан кейитерлик көрүнүш. Гезиттин окурмандары жана SUPER.KG порталынын колдонуучулары “кантип жардам берсек болот?” деген суроо менен кайрылгандыктан, анын банктык эсебин билдик. Сапаргүлдүн тагдырына кайдыгер карабайм, жардам берем дегендер болсо, төмөнкү дарек боюнча акчалай жардам которсо болот.
Акбарова Сапаргул Темировна “Берекет” ОАО “ДосКредоБанк”, эсептик номери: 1210820201024182 - БИК 121008.
Макаланын толук версиясын бул жактан окусаңыз болот: Чындык издеп чыркыраган Сапаргүл:«МЕН АТЫМДЫ, АБИЙИРИМДИ АКТАГЫМ КЕЛЕТ»