Балыкчыда Аскер сотунун кызматкеринин жеке банктардын аймактык филиалдарынын жетекчилери тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Балыкчы шаарында Аскер сотунун кызматкеринин бир нече жеке банктардын аймактык филиалдарынын жетекчилери тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

"Бул факт боюнча "денеге залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деди Усубакунов.

Маалыматка ылайык, 23-январдан 24-январга караган түнү Балыкчы шаарындагы кафелердин биринен Аскер сотунун Акунов У.К. аттуу кызматкери Нарын, Ысык-Көл облустарындагы банктардын филиалдарынын жана дагы бир нече ири банктардын аймактык филиалдарынын жетекчилери тарабынан ур-токмокко алынган. Натыйжада анын мурду сынып, бир көзүнө катуу сокку алган, баш мээси чайкалган. Бул тууралуу жабырлануучу 24-январь күнү Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына жазган арызында билдирген.

Ал эми Аскер сотуна кайрылганыбызда алар бул окуя тууралуу маалыматы жок экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан