15-февраль күнү Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын 33 жаштагы Адилет Турапов аттуу жашоочусу кармалып, ал “мыйзамсыз түрдө баңгизат даярдоо, сактоо, аны таратуу” беренеси боюнча айыпталууда. Муну 17-февраль күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Турапов Балыкчы шаарынын тургуну, азыркы тапта Аламүдүн районунда жашайт. Буга чейин
Кылмыш-жаза кодексинин “коркутуу жолу менен кимдир бирөөнүн мүлкүн тартып алуу” беренеси менен соттолгон жана Асанбек Камчынын (аты-жөнүн өзгөрткөн Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болгон.
16-февралда текшерүү иштеринин жүрүшүндө Лебединовка айыл аймагында жайгашкан үйүнүн бөлмөлөрүнүн биринен 20 грамм гашиш табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.