Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев журналист Семетей Талас уулун ур-тепкиге алды. Муну журналист социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу жарыялады.
"Жан сакчыларына карматып алып кечирим сурашымды талап кылды. Тепки жесем да сураган жокмун. Бул зөөкүр менен мыйзамдын тилинде сүйлөшөм, депутат болбогондо башкача сүйлөшөт элем. Жан сакчыларынын колу тийген жок",- деп жазды журналист.
Социалдык тармактын колдонуучулары депутатты сөгүп жатышат.