Борбор калаада "ур-токмокко алып, коркутуу менен 1000 доллар талап кылган" деген шек менен 24 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен М.З. аттуу кыз кайрылган. Ал 11-февраль күнү Зарина аттуу кыз белгисиз адамдардын коштоосунда аны Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен унаага күч колдонуу менен салып кеткенин айткан. Ошондой эле жабырлануучу ур-токмокко алынып, кылмышка шектүү андан 1000 доллар акча талап кылганын билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары борбордо жашаган 24 жаштагы Д.З. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 13-февраль күнү Свердлов райондук сотунун чечими менен №1-СИЗОго 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.