15-февралда Орусияда өздөрүн "патриот" деп эсептегендер дагы эки кыргыз кызын азербайжан улутундагы жигиттер менен кафеде жүргөн жеринен кармап, суракка алганы тууралуу видео интернетке тараган. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин 17-февралда SUPER.KG'ге билдиришинче, учурда ИИМдин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү аркылуу "патриоттор" изделип жатат. Ошондой эле толук маалыматка ээ болуу үчүн эки кыз дагы изделип жатканын кошумчалады. "Видео качан жана кайсы убакта тартылганы азырынча белгисиз болууда. Бул окуянын үстүнөн Москвадагы өкүлчүлүк иш алып барып жатат",- деди Осмонбаев.
"Патриотпуз" дегендерге кыздардын бири бетин видеого тартууга каршы чыкпай, өз оюн айтып берген. Ал эми экинчиси болсо жүзүн жашырууга аракет кылган. Талас облусунан боло турганын айткан кыздар эч кандай туура эмес жолдо эместигин түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Балдар кыздарды ур-тепкиге алышкан эмес.