Нарын суусунун жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

16-февралда Нарын суусунун жээгинен 40-45 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-февраль күнү SUPER.KG'ге Нарын РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-февралда саат 8:40та Нарын шаардык нөөмөт бөлүмүнө Нарын дарыясынын жээгинде адамдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерден 40-45 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылган. Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары Нарын шаарынын жана Нарын районунун 2 тургуну кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tursunai98
2016-02-18 07:31:48
биз кыргыздар кобойбойт окшойбузго кобойуштун ордуна кайра азайып баратабыз кыргыз элине инсап берсинчи оо алла таалам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан