Ош шаарында 63 жаштагы карыяны алдап, бирдик үчүн 25 миң сомдон ашуун акча салдырган адам изделүүдө

Ош шаарында 63 жаштагы карыяны алдап, бирдик үчүн 25 миң сомдон ашуун акча салдырган адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-февралда Ош шаарынын 63 жаштагы тургунуна "күйөө балаңызмын" деп телефон чалган адам кырсыктаганын айтып, 5-6 номерге 25 988 сомго бирдик салдырткан. Жабырлануучу акчаны салып, кайра байланышса "Сен кимсиң? Адашып калдың!" деген жооп уккан. Бул тууралуу К.Т. аттуу жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жазган арызында билдирген.

"Бул факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү маалыматтардын баары аныкталды, учурда кылмышка шектүүнү издөө иштери жүрүүдө. Өткөн аптада да ушундай 2 факт катталып, кылмышка шектүүлөр кармалган",- деди З.Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Beki092
2016-02-17 17:33:42
Аксакал да колу ачык окшойт
Ошончо да бирдик салабы бирдикти каерде салдырыптыр
+5
Sakuli
2016-02-17 17:50:51
Мен дагы эскертким келет баардык окурмандарга.Егер кимдир бироо сизге же сиздин уй булонузго чалып Россияда же башка мамлекетте туугандарынар посылка салды мен Казакстандын постунда турам,мага 5000сом же негизи еле акча жонотунуз анан барып жолукканда берем десе ишенип салып жибербениздер.Алар мошенниктер!
+10
Ayida
2016-02-17 17:55:25
Эдиница салган адам айтат эледа аксакал мынча эдиницаны неге кимге салып атасыз?Биринчи жолу корушум алданып аткан жоксузбу деш керек эле.Мен ишенбеймин аксакалдын созуно.Либой дурак айтат 25 988 эдиница кимге салат деп
0
kozunek.
2016-02-17 18:19:03
Ayida,25988 сомду бир салдырбайтда.Ар кайсы номерге салдырган.5-6номерге деп туратго.
0
Ayida
2016-02-17 20:35:07
kozunek.,5.6 номерге салганда деле элестет.Ар бирине 5 минден салса.Единицаны не кыласын банктан которойун акчаны дебейби.5000минден мейли 4 минден кары адам эдиница салып атат салган адам ойлонуш керекда сураш керек кары адам адашып же алданып аткан жокбу деп
0
masenya
2016-02-17 21:17:18
Ayida,азыр акча сала турган терминалдар коп, мумкун ошол жактан салгандыр (Тиешелүү маалыматтардын баары аныкталды, учурда кылмышка шектүүнү издөө иштери жүрүүдө.)деп туратго
0
stal.ks
2016-02-17 18:04:53
алар болдуруп ар номерге салдырганда
0
TGA
2016-02-17 18:13:42
Андай менде да болгон. Таган болом ГАИ кармап алды. Мас элем кутулуу учун 1000 сом жетпей жатат. Номерине салып койчу деп. Дароо эле билип гаиге беринизчи акчасыз чыгарып койом десем очуруп койгон. Кайра чалсам очук.
0
ediko85
2016-02-17 18:45:02
Издеген адамы ошол издеп аткан милициялардын колунда жатат турмодо зектер .....
+1
Enjoy.kg
2016-02-18 12:50:14
ediko85,Туура айтасын ошондой болсо керек.Унунон таанып же дароо кызына чалып корбоптур аксакал. Чын ушунча да салабы
0
warsaw.
2016-02-17 20:11:13
эгер мындай кылса болот чалып калса ,мага чалган эле мен билип калгамын,
Алоо да да
силерге пасылка жиберип ийди дедиле
мен макул канча 10 000 миң салайынбы же 20 000 миңби десем сразу өчүрүп койгон хе хе ..
+1
Ayida
2016-02-17 20:37:01
Ошончо единица салганга акылы жеткен жана ошончо акчаны кармаган ата.Ошончо акчаны корото бербейтго жондон жон
+1
Inna_91
2016-02-17 21:38:02
25988 шок болуп калдым байго ак сакал
0
Kuba-savai87
2016-02-17 21:49:16
Тешип чыкса экен ошол алдап алган акчасы
0
marmiladka9
2016-02-17 22:34:16
турмодогулор ошол
0
Kroxa
2016-02-17 23:55:12
Балдарым баары уйдо отурсак москвада,мага смс келди мама срочно 15 тысяч отправь на этот номер я в больницу попало деген...кудай сактап баарыбыз уйдо элек
+1
tursunai98
2016-02-18 07:14:51
ал аксакалда бай неме окшойт э
0
kyrgyzka96
2016-02-18 10:52:19
Откондо мага да бироо звонок кылып сизге Россиядан посылка келди деп зв кылды. Анан кимден экен десем Россияда туугандарыныз барбы дейт? Ооба бар десем. Ким деген деди. Анан мен айтып ким деген салганын силер билишинер керек болчу. Передача алып жатканда кимден кимге бут аты жонун адресине чейин жазып алат да десем. Бизде передачалар коп да дейт. Анан жок силер адашып калдынар десем. Анан чындап эле келген экен деп кайра звонок кылбагыла деп очуруп койду.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан