Мыйзамсыз түрдө өзүнө айлык акы которуп алуу фактысы менен Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башкы эсепчиси кармалды. Муну 17-февраль күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башкы эсепчиси М.Т. эсептик документтерге жалган маалыматтарды жазуу менен өзүнө 100 400 сом айлык акыны которуп алган. Облустук прокурордун макулдугу менен эсепчи кызматынан убактылуу бошотулган. Бул иш боюнча облустук прокуратура тарабынан каралган тергөө иштери аяктап, иш сотко берилди. Ага карата “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда Өзгөн райондук сотунун кароосунда турат.