Борбор калаада алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы К.Айсулуу кайрылган. Анда ал борбордогу соода түйүндөрдүн биринин жанында жайгашкан алтын сатуучу жайдын сатуучусу аны алдап, жөнөкөй саатты алтын деп 95 миң сомго сатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Б.Акимай кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.