Токмок шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” фактысы катталган. Муну 17-февраль күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылы аталган Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын мурдагы директору С.И. фонддун макулдугу жок эле башкармалыктын менчигинде турган үйдү 3 ай иштеген А.А. аттуу кызматкерге белек кылып берген. Кийин менчик ээлик укугу менен бул үйдү 40 миң АКШ долларына сатып жиберген. Ошону менен мамлекетке чоң суммадагы зыян келтирилген. Бул факт боюнча “кызмат абалын кыянаттык түрдө пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.