Жылнаама, 18-февраль: Мындан 39 жыл мурун мушкер Алмазбек Раимкулов туулган

* Мындан 39 жыл мурун, 1977-жылы бокс боюнча профессионалдар арасында Түндүк Американын чемпиону, Кид Даймонд лакап аты менен таанымал мушкер Алмазбек Раимкулов туулган.

Алмазбек Раимкулов 14 жашынан тартып КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери, машыктыруучу Кален Асановдон сабак алып, машыга баштаган. 15 жашында Спорт чеберине талапкер, 19 жашында КРнын Спорт чебери болгон. 23 жашында Эл аралык спорт чеберине жеткен. 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиадада 4-орунду ээлеп, КР Эмгек сиңирген спорт чеберлигине татыктуу болгон. Алмазбек Раимкулов эл аралык мелдештерде бир нече жолу жогорку ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздүн желегин желбиреткен. Кыргыз Республикасынын 10 жолку чемпиону.

* Мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы өлкөбүздүн алгачкы президенти Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясына кол койгон. Конституциянын жаңы редакциясы 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн референдумда кабыл алынып, ал Кыргыз Республикасында эле эмес, дүйнөлүк коомчулук арасында да эки ача пикир жараткан.

* Мындан 87 жыл мурун, 1929-жылы дүйнөлүк киноискусство жаатында эң негизги сыйлык деп саналган Америка улуттук "Оскар" киносыйлыгын тапшыруу биринчи ирет өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр азыркы маалдай эле кинолента түрмөгүндө кылыч менен турган рыцардын келбети чагылдырылган статуэтка менен сыйланышкан. "Оскар" сөзү киносыйлыктын 6-гана өтүшүндө колдонула баштаган.


* Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы Сахара чөлүндө кар жааган. Аба ырайынын мындай өзгөрүшү бул жерде дээрлик катталган эмес. Жамгыр аралаш кардын жаашы Алжирдеги автоунаалардын жүрүүсүн токтоткон.
Окумуштуулар бул көрүнүшкө бир тараптуу жооп табышкан эмес, бирок алар Жер жүзүндөгү климаттын өзгөрүп турушу демейдеги көрүнүш экенин айтып чыгышкан. Алсак, палеолит мезгилинде (б.з.ч. 10 миң жыл мурун) чөлдүн орду нымдуу аймак болгону аныкталган. Дарыялар агып, жаныбарлар байырлаган жана адамдар күнүмдүк тиричилигин өткөрүп келишкен.

* Мындан 62 жыл мурун, 1954-жылы америкалык актёр, продюсер, сценарист, бийчи, ырчы, "Алтын глобус" сыйлыгынын лауреаты Жон Траволта Нью-Жерсиде төрөлгөн.

Жаш кезинде бийлеп жүрүп "Ишембинин кечки дүрбөлөңү" аттуу тасмасында башкы ролду жаратып, тасма ийгиликтүү болгон. Ал аз убакыттын ичинде көптөгөн жаштардын кумирине айланган. Андан кийин "Бриолин" мюзикл-тасмасына катышып, мурункудан өтүп атакка жеткен. 1980-жылы "Шаардык ковбой", Сильвестр Сталлоне менен "Ишембинин кечки дүрбөлөңүнүн" уландысына тартылган, бирок бул тасмалар ийгиликтүү болгон эмес. Кийин Квентин Тарантинонун тасмасына тартылганда атагы кайткан.

18-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан