Москва шаарынын метрополитенинде мигрантка бычак сайган адам изделүүдө

Москва шаарынын метрополитенинде мигрантты бычактап кеткен адам изделип жатканын Орусиянын маалымат каражаттары Москванын полиция кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, 13-февралда “Добрынинская” станциясында белгисиз адам 23 жаштагы тажик улутундагы жаранды поездден чыгып келе жатканда бычак менен сайып кеткен. Канжалап жатканын байкагандар “Тез жардам” кызматын чакырып, ага жардам көрсөтүшкөн.

Ал эми 14-февралда да "Перово" станциясынын жанында 29 жана 31 жаштагы эки кыргыз жаранын белгисиз адам бычактап кеткен. Оор жаракаттардан улам алардын бири окуя болгон жерден көз жумган. Экинчиси оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен, бирок көп убакыт өтпөй ал полиция кызматкерлери тарабынан табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adilet2014
2016-02-17 20:17:17
Ээ кыргыздар этият бололучу, биримдикте бололу
+11
karona
2016-02-17 21:23:32
Бул "бычактагыч адам" кандай пайда болду экен? Скинхеддер болушу мумкунбу?
+1
Asadulla
2016-02-17 22:12:18
karona,азыр скинхенддер ди ишке салып ошенттип жатышат чтобы беш алты улутту уруштуруу учун американын иши го деген ой кетти
+5
tursunai98
2016-02-18 07:03:48
кудайым элибизди ботон жерден кырсыктардан сактай коор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан