18-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -13°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -13°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +10°C, түнкүсүн -9°C
Баткен облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -12°C
Нарын облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -24°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -6°C