Ош. "1 жаш 2 айлык уулун муунтуп өлтүрүүгө аракеттенген" деген шек менен кармалган эне 1 айга камакка алынды

Ошто "1 жаш 2 айлык баласын муунтуп өлтүрүүгө аракеттенген" деп шектелген эне 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаардык соту уулун муунтуп өлтүрүүгө аракеттенген келиндин баш коргоо чарасына байланыштуу маселени карап, аны 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Айта кетсек, 14-февраль күнү белгисиз аял 1 жаш 2 айлык баласын көчөгө таштап кеткен. Бир күндөн кийин аны кайра алып кетүү үчүн милицияга кайрылган. Медициналык кароодон бала муунтулганы аныкталып, денесинен ар түрдүү жаракаттар табылган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, наристенин энеси камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
gulzar_gulu
2016-02-17 19:57:31
Наристеде не күнөө?
+6
anykids
2016-02-17 19:58:21
Atasyn da taap jazasyn beriwsin,tentip kaida jurot eken ,oz balasyn oiloboi,kelin katuu depressiyada bolgongo,ar biribizge unsap bersin
+15
AlbertEnshtein
2016-02-18 08:39:10
anykids, тороттон кийин жакындары поддержать этпесе послеродовой депрессияга кабылат аял. Анын айынан психбольницага жаткандар канча. Бул келинди да текшеруу керек. Куйоосу атанеси жардам бербей кайда журушот экен. Тообоо!!! Ошончун окуп билим алып,иштеп анан суйлошуп билишип эле журуп анан куйоого тийип торош керек да. Артын алдын карабай эле тороп мынтип оздору да балдары да кор болуп отурат.кимге кереги бар андайдын. Мурда эрте берчу кыздардыы, бирок калыны себи менен, сыйлаган торкун болгон
+1
TOMMYHILFIGER
2016-02-17 20:03:44
ХХХ ХХХ ХХХ...
+6
admin_portal
2016-02-18 11:41:39
TOMMYHILFIGER - 5 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, этика нормаларына туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Abdyrashit.Satylganov
2016-02-17 20:57:55
Акыл эси жайында бекен? Менимче акыл эси ордунда эмес окшойт
+3
meky85
2016-02-17 21:27:45
Кудайым озу жазасын берсин
+2
kirgizstan
2016-02-17 21:29:44
Акмак курук эмчек сорсо да койнунда турса болмок
+2
Inna_91
2016-02-17 22:41:05
Эненин акыл эси ордундавы оз баласын кыйнап
-2
luna..92
2016-02-17 22:44:29
Бироого зар, бироого кор дуйно!
+3
gulkar
2016-02-17 23:13:49
Эмне деген заман... апасы баласын мунтуп олтуром десе,баласы карыган апасын башка чаап олтурсо,аялы куйоосун бычактаса,куйоосу аялын кызганып орттосо.
+4
Muttlu
2016-02-18 03:33:12
Эмне болуп жатат,? Эч инсандык калбады Аллахым жазасын берсин!!!
+2
tursunai98
2016-02-18 06:59:35
кандай заманда жашап жатабыз биз озу бул аял писик оорусу менен ооруйт окшойт чамасы кудайым озун сактай коор
+1
DUNI
2016-02-18 08:57:16
Камакка алат, бала атадан же ападан жок калат экен да,куйоосун таап ошону камаш керек. Апасына жакшыраак иш таап берип баласын бакчага берип койсо жакшы болмок. Турмодон жакшы эне болуп чыкпайт баарибир
+1
Nasi1981
2016-02-18 11:06:59
Бул аялдын эрин таап каматыш керек, уйлонгонду, торотконду билгенден кийин бакканды да билиш керек. Бир аял чыдайт балдары учун эри алкаш болобу, кызыл камчы болобу баарына чыдайт, а кээ бир эркектер жок, барчылыкка да, жокчулукка да чыдашпайт. Чыккан кыз чийден тышкары, биттуу конок батат, иттуу конок батпайт дегендей ал келиндин абалын биз билбейбизда. Кудайым ар бир эркекке ыйман берсин. Кыз бала мусаапыр калк, ажырашкандан кийин агасына барса жене жат, эжеге барса жезде жат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан