14-февралда Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Баястан айылында 18 жаштагы кыз зордукталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Ала-Бука райондук милициясына жабыркаган кыз кайрылып, ал өз арызында Махабат күнүндө саат 16:00 чамасында тааныш бала тарабынан зордукталганын билдирген. "Бул окуя боюнча кыздын арызы Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада зордуктаган жигиттин өздүгү аныкталып, ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал 1993-жылы туулган Ала-Бука районунун тургуну экендиги аныкталган. Шектүү жигит кызды Баястан айылындагы бир үйгө алып барып, үйгө камап, күч колдонуу аркылуу зордуктаганы белгилүү болду",- дешти милициядан.