Бишкекте батир акысын төлөй албай калган 26 жаштагы жаран үй ээсин өлтүрүп, денесин талаага ыргытып жиберген. Өзгөчө оор кылмыштын бети 20 күндөн кийин ачылганын бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. 300 доллар батир акысы үчүн 1982-жылы туулган Тахмина аттуу жаранды өлтүргөн адам Талас облусунун тургуну. 2016-жылдын 28-январында саат 09:00 чамасында үй ээси менен жолугушуп, өлтүргөндөн кийин денесин Сокулук районундагы каналдардын биринин жанына камыштын арасына таштап кеткенин айтып берген.
Кылмышка шектүү 1-февралдан бери изделип жаткан, бүгүн Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.