Борбор калаада унаа тоноого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Борбордо унаа тоноого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы О.Елена кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтотулган Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасынын айнегин талкалап, ичинен ачкычтарды жана ага тиешелүү буюмдарды алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Ш.Константин кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан