Бишкек шаарында уурулукка шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы Л.Хафиз кайрылган. Анда ал таңкы саат 05:00 чамасында Камила аттуу кыз тааныштары менен бирге анын үйүнө кирип, уюлдук телефонун жана 300 доллар акчасын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы С.Елена жана 26 жаштагы Ж.Камила кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.